Бишкекте Свердлов райондук сотунун судьясы 1 миллион сомдук айыпка жыгылды

Шектүү ага коюлган эки айыптын бири боюнча күнөөлүү деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясына 1 миллион сом айып төлөө өкүмү чыкканын Биринчи май райондук соту билдирди.
Пара талап кылууга айыпталган К.А.К. соттун чечими менен акталган. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок экени белгиленди.
"Ошол эле учурда сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. К.А.К.га эки миллион сом айып салынган. Бирок судья узак убакыт камакта болгондуктан айып пулдун суммасы бир миллион сомго кыскартылган. Өкүм чыккандан кийин К.А.К. сот залынан бошотулду. Анын бөгөт чарасы сыртка чыкпоого өзгөртүлгөн", — деди соттон.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. 12 миң доллар пара алды деп март айында кармалган.
Ноокенде студенттен акча талап кылды деп кесиптик лицейдин өкүлдөрү кармалды