Бакыт Төрөбаев кайсы аймакта койдун жүнү жерде жатса аким иштен алынарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров кайсы райондо болбосун койдун жүнү жерде жатса, ошол райондун акимин иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев "Кыргыз индустриянын" базасында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордун ачылышында билдирди.
Ал чакан, жүндү кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгиледи.
"Аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу, жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула", — деди министр.
Төрөбаев ар бир айыл өкмөтүнө баасы 120 миң сомдук станок коюп, тери көйгөйүн чечсе болорун кошумчалады.
Мал кармоонун, айдап өтүүнүн эрежелерин бузгандарга айып салуу сунушталууда