Алымкадыр Бейшеналиев дарылардын баасы тууралуу айтты

Министр заводдон түз алып келингенде же жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн чыккан дары-дармектин баасы көп кымбат болбостугун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Кыргыз фармация" ишке киргенден бери мурда ооруканаларга тендер менен алынган дарылардын баасы 200-600 пайызга арзандады. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" келген учурда айтып берген.
Министрдин айтымында, бул дары-дармек чыгарган тарап менен тикелей иштешүүдөн улам болду.
"Башка менчик фармацевтикалык компаниялар алып келип, баасын өздөрү эле коюп, тендерге киргизип сатышчу. Азыр "Кыргыз фармация" өндүргөн заводдор менен келишимди өздөрү түзөт. Заводдон алынган баага жол кире, иштегендердин айлык чыгымын жабуу үчүн 5 пайыз гана кошобуз", — деген Бейшеналиев.
Ал кошумча нарк салыгы киргенден бери дарылардын баасы өсүүдө деп айтып жатышканын, бирок бюджетке дагы акча түшүп турушу керектигине токтолгон.
Заводдон түз алып келингенде же жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн чыккан дары-дармектин баасы көп кымбат болбой турганын белгилеген.
Эске салсак, буга чейин өлкөдө дары-дармектердин баасы көтөрүлүп кеткени боюнча маселе көтөрүлгөн. Депутат Элдар Абакиров кымбаттоо 40 пайызды түзгөнүн айткан. Анда министр жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн гана дары-дармек сатып алуу буйругу чыккандан кийин баа 40-50 пайызга көтөрүлгөнүн билдирген.
50-300 сомго чейин арзан. Бишкектеги мамлекеттик дарыканалардын дареги