3-октябрга карата аба ырайы

3-октябрга караган түнү өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +13...+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Тогуз-Торонун мектеби "Жылдын мыкты мектеби" аталды