Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул сапарда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр болорун жана кыргыз-италиялык мамилелердин бүтүндөй комплекси, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланарын билдирди. Президентти бир катар жогорку кызматтагы атка минерлер коштоп кеткен. Расмий делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, башкы прокурор Максат Асаналиев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев баштаган бийлик өкүлдөрү бар.
Бишкекте балдардын Дельфи оюндары өтүп жатат. Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки таланттары катышууда. Оюндар конкурстук жана фестивалдык бөлүктөн турат, ага фортепиано, скрипка, классикалык гитара, элдик аспаптарда ойноо кирет. Мындан тышкары, катышуучулар көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңсап ырдоо боюнча ат салышышат. Балдар эки турда күч сынашат, алардын өнөрүн маданият ишмерлери, билим берүү жана илим тармагынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баалайт. Жаш искусство өкүлдорүнүн таймашы 5-октябрга чейин уланат.
Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 3,4 гектарлык "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси, баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Акарчи Израилге жасалган ракеталык чабуулга байланыштуу кырдаалга кийлигишпөө талабын АКШга Швеция аркылуу жеткиргенин билдирди. Ал белгилегендей, ракеталык чабуул өлкөнүн өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашыруу болуп саналат. "АКШга Швеция аркылуу эскертүү берилди. Анда сокку урууну улантуу ниетибиз жок экени айтылган. Биз ошондой эле АКШга кийлигишпөөнү да эскерттик", — деген Акарчи. Министрдин айтымында, Жакынкы Чыгышта масштабдуу жаңжал чыгуу ыктымалдыгы бар, бирок Иран күчтөрү толук даярдыкта. 1-октябрдын кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталык сокку Ирандын союздашы, "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла менен ХАМАСтын жетекчиси Исмаил Ханияны өлтүрүүгө жооп иретинде жасалганын билдирди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта:1 АКШ доллары 84 сом 24 тыйынга1 евро 93 сом 53 тыйынга 1 рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 3-октябрга караган түнү өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бейшембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +13...+18 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.