Суу транспортторун пайдалануу кантип жөнгө салынат? Эмнеге көңүл буруу керек?

Sputnik
«Ички суу транспорту жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталып, Жогорку Кеңеште каралууда. Анын демилгечиси министрлер кабинети. Бул долбоор өлкөдө суу транспортунун иштешин көзөмөлдөп, иретке келтирет. Ушул мыйзам кабыл алынса кандай пайда алып келет? Учурда суу транспорторуна байланыштуу кырдаал кандай? Бул жаатта кандай көйгөйлөр бар аларды кантип чечсе болот? Ушул жана башка суроолорго бул берүүдө жооп издедик.
Студиябызда конокто, Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Гүлсада Ибраимова жана Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев болду.