Курулуш компаниялары үчүн лицензия алуу жеңилдетилдиби?

Sputnik
Өлкө боюнча 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Маалыматка ылайык, аларга тиешелүү документтерин топтоп, лицензияны калыбына келитирүү үчүн 90 күн убакыт берилген. Буга чейин 2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган. Негизи эле Мамкурулуш агенттиги лицензияны кандай талаптар менен берет? Талаптары жеңилдетилдиби?
Суроолорго Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгынын жетекчиси Талант Рыскулбек уулу жооп берди.