КРдин лабораториялары ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу жаатында техникалык регламенттерди сактайбы? Кандай көйгөйлөр бар?

Sputnik
Учурда Айыл чарба министрлигинин эң биринчи приоритети — калкты коопсуз азык-түлүк менен камсыздоо. Муну менен катар ЕАЭБге кирген өлкө катары КРда бир катар техрегламенттер иштейт. Анын 20га жакыны азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу. Негизинен ушул техрегламенттер кандай иштөөдө, дегеле өлкөдө коопсуз азык-түлүк менен камсыздоого жасалып жаткан иштер талапка жооп береби деген маселенин негизинде «Күн Башат» программасында Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун Химия-оксикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Эрмек Курманкулов, Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов жана тамак-аш коопсуздугу жаатында эксперт Алмаз Давлетов келип кенен маек куруп беришти. Академик Асанкадыр Жунушов кайра иштетүү өндүрүш жаатында талапты күчөтүү керектигин билдирди. Ал эми эксперт Алмаз Давлетов азык-түлүк коопсуздугу бул өтө терең жана кенен маселе экенин айтып ар бир адам, өндүрүүчү жоопкерчиликти сезиши керектигин жана бул жаатта илим күн сайын өсүп жатканын айтты. Министрликтин айтымында, КРда учурда бул жаатта Бишкек жана Ош шаарында эки лаборатория иштейт жана ЕАЭБдин талабына жооп берет.