Бишкекте улгайган адамдардын товарларынын жарманкеси өтөт

Иш-чара жыл сайын 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" деп аталган жарманке өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору анда жалаң улгайган адамдар товарларын сатыкка алып чыгарын билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара жыл сайын 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлөт.

"Жарманкенин максаты сергек, активдүү жашоо менен өмүрдү узартууну даңазалоо жана карылардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Баарыңыздарды жарманкеге чакырабыз", – дешти борбордон.

Радио
Абдиева: кары-картаңдарга коомго керек экенин сездирип туруу маанилүү