Жапаров Италияга болгон расмий сапарында Рим папасы менен да жолугат

Тараптар эки өлкөнүн мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат.
Сапар 2-4-октябрга пландалгандыгын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
3-октябрда Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугарын айтышты.
Андан сырткары, аталган мамлекеттин министрлер кеңешинин төрагасы Жоржей Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.
Италияга сапарынын алкагында тараптар кыргыз-итальян мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулап, эл аралык күн тартип боюнча пикир алмашмакчы.
Ал эми сапардын соңку күнү Рим папасы Франциск менен жолугарын билдирди.
Комиссар Каттанини ойногон актер Кыргызстандын элчилигине барды. Сүрөт