"Унаа" мекемесинин мурдагы жетекчиси иштен алынып, жаңы директор дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Рустам Жокоев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин милдетин убактылуу аткаруудан бошотулуп, директорлукка Улан Карыпбеков дайындалды. Бул документке президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлады.
Буга чейин УКМК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ("Унаа") коррупциялык схема аныктап, ага катышы барлардын баары кармалганын кабарлаган эле. Атайын кызмат мындай коррупциялык схемадан мекеменин бир эле филиалынан ай сайын мыйзамсыз 10 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат деп кошумчалаган.
Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды