"Достук" бекетинин иши Ташиев текшерип баргандан кийин жакшырды

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин пландан тышкаркы текшерүүсүнөн кийин "Достук" бекетиндеги өткөрмө жөндөмдүүлүгү жакшырды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Эске салсак, 25-сентябрда Ташиев Оштогу "Достук" бекетине күтүүсүз барган. Ал эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганын көрүп, мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерди ыкчам иштөөгө чакырып, жарандардан жана айдоочулардан пара алууга жол берилбеши керектигин катуу эскерткен.
"Пландан тышкаркы текшерүүдөн кийин адамдардын агымын үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында айрым жерлерде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн кызматкерлердин саны тогуз адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат