Радио

Мамкурулуш лицензияны онлайн бере баштады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгынын жетекчиси Талант Рыскулбек уулу өлкөдө курулуштун сапатын жакшыртуу үчүн талаптар күчөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Мамкурулуш лицензияны онлайн бере баштады. Санариптештирүүнүн алкагында бир топ кагаз иштери токтоду. Агенттиктин расмий сайты аркылуу тиешелүү документтерди жөнөтүп, 24 сааттын ичинде кайрылуунун статусу белгилүү болот. Бардык талаптар аткарылса 10 күнгө жеткирбей лицензияны алууга болорун Талант Рыскулбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1998-жылдан тарта Мамкурулуш тарабынан жети миңге жакын лицензия берилген.
"2001-жылдан 2022-жылга чейин №260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомдун негизинде лицензиялар берилип келген. Анда 20дан ашык документ талап кылынып, анын кээ биринде талаптар так жазылган эмес. Мындан улам ортомчу компаниялар пайда болуп, коррупциялык элементтер чыккан. Бир катар көйгөйлөрдү эске алып, жаңы сунуштар менен министрлер кабинетинин № 352 "Курулуш ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды. Эми 23 документтин ордуна алтоо гана калды. Мындан тышкары, Мамкурулуш лицензияны онлайн бере баштады. Санариптештирүүнүн алкагында бир топ кагаз иштери токтоду. Агенттиктин расмий сайты аркылуу тиешелүү документтерди жөнөтүп, 24 сааттын ичинде кайрылуунун статусу белгилүү болуп, бардык талаптар аткарылса 10 күнгө жеткирбей лицензияны алууга мүмкүн. Негизи 1998-жылдан тарта Мамкурулуш тарабынан жети миңге жакын лицензия берилген. Учурда курулуштун сапатын жакшыртуу үчүн талаптар күчөтүлүп, ошол эле учурда жеңил жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө", — деди Рыскулбек уулу.
Ал ошондой эле Мамкурулуш ортомчуларды жокко чыгаруу максатында лицензиянын баасын жогорулатып, 3-деңгээлдеги лицензия үчүн 150 миң сом, 2-деңгээлге 700 миң сом, 1-деңгээлге 1,5 миллион сом болгонун кошумчалады.