Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 17-23-октябрь күндөрү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, ведомстводо жыйын болуп, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казань (Татарстан), Москва, Санкт-Петербург жана Минск (Беларусь) шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрүн жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгилеген.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлер менен министрликке уюштуруу иштери боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
Кыргызстанда "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" жаңы программасы ишке кирет