Мугалимдер арасында сынак башталды, жеңүүчүгө Бишкектен батир берилет

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бул — чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан алгачкы сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат.
Сынактын максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, 5-октябрга чейин созулат.
Облустардагы мектептер "Евразия" уюмунан дагы 50 автобус алышты. Видео