Кыргызстан ЕАЭБде мигранттардын жагдайын жеңилдетчү ыкманы сунуштады

Өкмөт башчы заманбап санариптик технологиялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда медициналык маалыматтарды алмашуунун бирдиктүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө медициналык маалыматтарды алмашуунун бирдиктүү системасын киргизүүнү сунуштайт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Еревандагы Евразиялык III форумда сүйлөп жатканда белгиледи.
"Биздин Биримдиктин алкагындагы миграциялык процесстердин маанилүү экенин айтпай коё албайм. Кыргызстандын президенти тарабынан сунушталган демилгелердин бири – эмгекчилерди медициналык кароодон өткөрүүнүн жыйынтыгын таануу системасын иштеп чыгуу. Бул учурда өлкөгө келгенден кийин кайра ушундай процедуралардан өтүүгө аргасыз болгон мигранттардын каржылык жана убакыт чыгымдарын бир топ кыскартат", — деди ал.
Өкмөт башчы заманбап санариптик технологиялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда медициналык маалыматтарды алмашуунун бирдиктүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
"Бул учурда мен маалымат алмашуунун бирдиктүү платформасын түзүү маселесин кароону сунуштайм. Анда "ишенимдүү медициналык уюмдар" башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарына жеткиликтүү болгон сурамжылоонун жыйынтыктарын жүктөй алат. Мындай демилгени ишке ашыруу медициналык жардам чөйрөсүндө бирдиктүү ишеним мейкиндигин түзүүгө алып келет. Ал өз кезегинде бул жумушчу күчтөрдүн эркин каттап жана андан аркы интеграцияны камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп калат", — деди Жапаров.
Акылбек Жапаров россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту. Видео