Израиль Ливандын түштүгүндө кургактан жасаган чабуулун баштады

Айрым министрлер АКШнын маневрлар тууралуу маалыматтарды таратып жибергенине нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) "Хезболла" уюмуна каршы Ливандын түштүк тарабында чектешкен аймакта туруп кургактан (жерден) жасаган чабуулдарын баштаганын жарыялады. Бул операция учурунда ЦАХАЛдын аталган бөлүктөгү аскерлерине Израилдин Аба күчтөрү жана артиллериясы колдоо көрсөтүп, аскердик объектилерге сокку уруп жатышат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
ЦАХАЛ өзүнүн Telegram каналына жарыялаган кабарына таянсак, чабуулдар чалгындын маалыматтарына негизделген жана "Хезболланын" террордук максаттарына, инфраструктурасына каршы багытталган. Бул аракеттер Израилдин саясий жетекчилигинин чечими менен ишке ашырылганы айтылды.
"Саясий эшелондун жетекчилигинин чечими менен ЦАХАЛ бир нече саат мурда чектеп, кысып жана атайын максаттагы рейддерин баштады. Ал чабуулдар чалгындын маалыматтарына таянган. Ливандын түштүгүндө жайгашкан "Хезболланын" террордук иштерин үзгүлтүккө учуратуу жана инфраструктураларын талкалоо үчүн таамай урулуп жатат", — деп айтылган анда.
Израилдик Ynet порталынын маалыматы боюнча, алардын аскердик-саясий кабинети Ливандагы операциянын жаңы этабын бекитип берген. Бирок айрым министрлер АКШ жактан маневрлар тууралуу маалыматтардын тарап кеткенине нааразы болушкан. Себеби Тель-Авив Вашингтонго чабуулдар боюнча пландарын билдирген.
Кийинчерээк Израилдин коргонуу министри Ливандагы операцияларды америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен да талкуулаган.
Пентагондун билдирүүсүндө эки аткаминер чек арадагы чабуулдарды уюштурууга көмөкчү боло турган инфраструктураны жок кылуу зарылдыгы боюнча макулдашканы айтылган.

Ливан-Израиль чатагынын курчушу

"Хезболланын" башкы катчысы Хасан Насрулла 2024-жылдын 27-сентябрында Бейруттун түштүк четиндеги Израилдин абадан жасалган чабуулунан каза тапкан. Ал киши 30 жылдан ашуун аталган уюмду жетектеп келген. Бул операция "Хезболланын" жогорку командирлери чогулган жерине багытталган.
Израиль армиясы кыймылдын миңдеген объектилерине сокку урганын кабарлады. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери "Хезболла" кыймылына мынчалык катуу чабуул жасалбаганын белгилешүүдө.
Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлиги Насрулланын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилди ок атууну токтотууга чакырды.
Песков: Израилдин Ливандагы үйлөрдү бомбалоосу гуманитардык кыйроого кептейт