ЕАЭБдеги электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир кадам жасалды

Электроэнергия рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Электр энергиясынын жалпы рыногу евразиялык энергетикалык интеграциянын флагманы болуп калды. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал евразиялык "бештиктин" бул рынокту түзүү чечими электр энергиясына бирдей бааны, тарифтерди жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү үчүн рационалдуу чечим болгонун белгилеген.
ЕЭКтин маалымат кызматы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бүгүн ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногунун иштөө эрежелерин түзүү жумуштары аяктаганын кабарлады.
ЕАЭБдин электр энергиясы рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген.
"Эрежелер рыноктун субъектилеринин, энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жана ЕЭКтин ортосундагы маалыматтык кызматташууну жөнгө салып, ачыкка чыга турган маалыматтардын курамын аныктайт", — деп жазылат маалыматта.
Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кол коюлган документтер