Күз-кышка карата айрым дары каражаттары кымбаттайт. Буга сезондук оорулар (сасык тумоо, КРВИ) себеп. Бул тууралуу Буркан Молдоташев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дары-дармектин баасы 12 пайыздан (кошумча нарк салыгы) да жогорулайт деген божомолдор бар.
"Бизде 2015-2017-жылдардан бери дары-дармектин баасынын тегерегинде маселе көтөрүлүп келет. Талкууланат, бирок калып кетет. Дарылардын баасын жөнгө салууда объективдүү маалыматка муктажбыз. Акыркы жылдары кандайдыр бир уюм, мамлекеттик органдар же адистер тарабынан жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жок. Ошондуктан биз көбүнчө субъективдүү маалыматка таянып, өзүбүздүн пикирибизди айтып коюп жатабыз. Учурда бардык дары-дармектин жана медициналык каражаттардын баасы 12 пайызга көтөрүлдү. Бирок эл көрсөтүлгөн пайыздан да жогорулап кеткенин айтууда. Ошондой эле уюмдардын, компаниялардын өкүлдөрү, өндүрүшчүлөр жеңилдетилген кошумча нарк салыгын алып салууну кайрадан карап талкууласак деп суранып жатышат. Алар "Жеңилдетилген кошумча нарк салыгын алып салуу менен калктын аялуу катмарына канчалык деңгээлде жеңилдик бере алабыз" дешүүдө. Эми 12 пайызды кайдан алабыз, оорулуулардын өзүнө жүктөп коебузбу деген көйгөйлөр болуп жатат. Ошондуктан дагы бир жолу тиешелүү органдандардын катышуусунда талкууланса жакшы болмок", — деди Молдоташев.
Ал дары-дармек жеткиликтүү болушу керектигин кошумчалады.