Бишкекте балдардын Дельфи оюндары башталды. Видео

Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки таланттары катышат.
Sputnik
Оюндар конкурстук жана фестивалдык бөлүктөн турат, ага фортепиано, скрипка, классикалык гитара, элдик аспаптарда ойноо кирет. Мындан тышкары, катышуучулар көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңсап ырдоо боюнча ат салышышат.
Балдар эки турда күч сынашат, алардын өнөрүн маданият ишмерлери, билим берүү жана илим тармагынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу бааламакчы.
Иш-чараны Бишкек мэриясы, КМШнын аткаруу комитети менен КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу менен Кыргызстандын Дельфи комитети уюштурган.
Жаш искусство ишмерлеринин таймашы 5-октябрга чейин өтөт.