Акылбек Жапаров россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту. Видео

Мишустин Россиянын Кыргызстан менен достук мамилесин жогору баалай тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Акылбек Жапаров Ереванда россиялык кесиптеши Михаил Мишустин менен жолукту. Ал Евразиялык форум менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду.
Мишустин Россиянын Кыргызстан менен достук мамилесин жогору баалай тургандыгын, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин айтып, быйыл эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануу 13 пайызга өскөнүн белгиледи.
Мишустин транспорт, логистика, өнөр жай жана айыл чарба кооперацияларында, санарип экономикадагы биргелешкен долбоорлордун башталышын эртелетүүнү сунуштады.
Жапаров Россия Кыргызстандын эң жакынкы союздашы жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенине токтолуп, Россияга каржы жана техникалык жардамы үчүн ыраазылык билдирди.
"Кыргыз-орус мамилелери биздин өнөктөштүк салтыбызга туура келгендей эле эң жогорку деңгээлде", — деди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров учурда иш сапар менен Ереванда жүрөт.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЭЭАлары үчүн санарип платформа түзүү сунушталды