Акылбек Жапаров иш сапар менен Ереванга барды. Сүрөт

Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапар менен Ереван шаарына барды. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аны Звартноц эл аралык аэропортунан Армениянын вице-премьер-министринин орун басары Мгер Григорян тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Андан сырткары, III Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөйт. Бир катар жолугушуулар да пландалууда.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЭЭАлары үчүн санарип платформа түзүү сунушталды