70 жыл чогуу жашап, 93 чөбөрөлүү болдук. Бактылуу карылардын маеги

Бишкектен бир саат жол жүрүп Чүйдүн Жогорку Ичке-Суу айылына бардык. Кең талаалары, тынчтыгы, көчөлөрүндө ары-бери баскан адамдар дээрлик көрүнбөгөнү менен көңүл бурду. Жалгыз дарак турган ичке узун жол Арыпбек аксакал менен Бурма байбиченин үйүнө алып барды.
Sputnik
Быйыл алардын бирге түтүн булатканына 70 жыл болду. Алардын 12 баласы, 55 небереси, 93 чөбөрөсү, бир кыбырасы бар. Маек учурунда жубайлар таанышкан жылдарын эстеп, Бурма апа абышкасын чыканагы менен түртүп "мени түйүнчөгүм менен атка учкаштырып алып келгениңди айтпайсыңбы" деп, оо качанкы учурду эстетти. Ал эми үйдүн 96 жаштагы кожоюну 1954-жылдары ат араба менен Кантка эгин ташып баратып, селкини көчөдөн көрүп жактырып калганын айтып берди.
Токсондун кырына келип, бактылуу карылыктын ырахатын көрүп жаткан бул адамдар "канткенде балдар-кыздар кайрымдуу болуп, уул-келин сыйлап турат" деген суроолорго өздөрүнүн жоопторун айтып берип, сырлары менен бөлүштү.