Ырлары аңызга айланган залкар талант Коргол Досу уулу

Sputnik
Эл арасында айтылуу акын Коргол Досуевдин термелери, күүлөрү жана айтыштары ушул күнгө чейин айтылат. Ал жалпы угармандарга да абдан кызыктуу.Sputnik Кыргызстан агенттигинде төкмө акын, залкар талант, кадимки Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева жана Майрамкан Молдошева мейманда болуп, чоң атасы тууралуу кенен маек куруп кетти.
Бул маекте акындын өмүрүндөгү мурда белгисиз жагдайлар да айтылды. Коргоол Досу уулу улуу талант гана эмес, мыкты уста да болгон. Айтылуу Сатыкей баатырдын урпактарынан жана өмүрүн эл арасында туулган айылында өткөргөн.