Дары-дармекке кайрадан киргизилген кошумча нарк салыгы — пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүнбү?

Sputnik
Өлкөдө 18-сентябрдан тарта импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан жеңилдетилген кошумча нарк салыгы кайрадан алынды. Бул боюнча 27-августта Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Ага ылайык, дары-дармектердин кошумча нарк салыгы 12 пайызды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө баадагы айырма 30-40% болуп жатканы айтылууда.
Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы фармацевтикалык жана медициналык ишмердүүлүк боюнча комитетинин өкүлдөрү жеңилдетилген нарк салыгын алып салуу көйгөйлөрдү жаратып жатканын билдирип, өкмөт бул маселени дагы карап чыгышы керектигин айтышты.