Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Мугалимдер арасында сынак башталды, жеңүүчүгө Бишкектен батир берилетЯпониянын 102-өкмөт башчысы Сигэру Исиба болдуЖапаров Италияга болгон расмий сапарында Рим папасы менен да жолугаталдыда кененирээкМамлекет башчы Садыр Жапаров Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Сапар 2-4-октябрга пландалгандыгын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 3-октябрда Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугарын айтышты. Андан сырткары, аталган мамлекеттин министрлер кеңешинин төрагасы Жоржей Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган. Италияга сапарынын алкагында тараптар кыргыз-итальян мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулап, эл аралык күн тартип боюнча пикир алмашмакчы. Ал эми сапардын соңку күнү Рим папасы Франциск менен жолугарын билдирди.
Россия Кыргызстандын эң жакынкы союздашы жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен Еревандагы жолугушуусунда билдирди. Ал Россияга каржы жана техникалык жардамы үчүн ыраазылык билдирди. "Кыргыз-орус мамилелери биздин өнөктөштүк салтыбызга туура келгендей эле эң жогорку деңгээлде", — деди Акылбек Жапаров.
Кыргызстанда "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Бул — чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан алгачкы сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат. Сынактын максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, 5-октябрга чейин созулат.
Рустам Жокоев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин милдетин убактылуу аткаруудан бошотулуп, директорлукка Улан Карыпбеков дайындалды. Бул документке президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлады. Буга чейин УКМК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ("Унаа") коррупциялык схема аныктап, ага катышы барлардын баары кармалганын кабарлаган эле. Атайын кызмат мындай коррупциялык схемадан мекеменин бир эле филиалынан ай сайын мыйзамсыз 10 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат деп кошумчалаган.
Япония парламентинин Төмөнкү палатасы башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы Сигэру Исибаны премьер-министрликке дайындады. Шайлоонун жүрүшүн бул Күн Чыгыш өлкөсүндөгү негизги телеканалдар алып бергенин РИА Новости жазды. Төмөнкү палата партиялар сунуштаган талапкерлердин ичинен ылайыкташтырып тандайт. Адатта алар саясий бирикмелердин лидерлери болот. Башкаруучу коалициянын көпчүлүгүн Либералдык-демократиялык жана "Комэйто" партиясынан келгендер түзөт. Шайлоонун жыйынтыгы менен Исиба 461 добуштун ичинен 291ин алган.Кечирээк премьер-министрдин талапкерлигин Жогорку палата карайт. Шаршемби күнү эртең менен Фумио Кисидо башында турган өкмөт толугу менен отставкага кеткен.