Музейлердин имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж

Sputnik
Өлкөдөгү музейлердин көйгөйлөрү окшош. Имараттардын бары эскирип, оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошондой эле эң чоң көйгөй кадр маселеси. Музейлердин ишин түшүнгөн, ийгиликтерди жаратуучу долбоорлор менен иштей билген кызматкерлер жетишпейт. Ошондо бул тармакта шарттар түзүлүп, өнүгүү болмок. Азыркы тапта Улуттук университетте “Музей таануу” кафедрасы ачылган. Буга чейин музейде иштеген кызматкерлерди даярдаган окуу жайлар жок болчу. Мындан тышкары музейде иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарды ачуу керек.
Аткени алар эски эреже менен эле иштеп жатканын Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борборунун жетекчиси, эл аралык музей уюмунун Кыргызстандагы улуттук комитетинин төрайымы Аида Алымова маалымдады.