Акылбек Жапаров иш сапар менен Ереванга барды алдыда кененирээк Израиль Ливандын түштүгүндө кургактан жасаган чабуулун баштадыПрезидент өлкө карыяларын куттуктады алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Өлкө башчы кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, кан-жаны менен бүгүнкүгө чейин жеткенин белгиледи. Президент 1-октябрдан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6 900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонун эске салды. "1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт", — деди Жапаров.Жапаров өлкө карыяларына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.
Теманы улай, бүгүн Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" деп аталган жарманке өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору анда жалаң улгайган адамдар товарларын сатыкка алып чыгарын билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара жыл сайын 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлөт. "Жарманкенин максаты сергек, активдүү жашоо менен өмүрдү узартууну даңазалоо жана карылардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Баарыңыздарды жарманкеге чакырабыз", – дешти борбордон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапар менен Ереван шаарына барды. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Аны Звартноц эл аралык аэропортунан Армениянын вице-премьер-министринин орун басары Мгер Григорян тосуп алды. Иш сапардын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Андан сырткары, III Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөйт. Бир катар жолугушуулар да пландалууда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин пландан тышкаркы текшерүүсүнөн кийин "Достук" бекетиндеги өткөрмө жөндөмдүүлүгү жакшырды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди. Эске салсак, 25-сентябрда Ташиев Оштогу "Достук" бекетине күтүүсүз барган. Ал эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганын көрүп, мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерди ыкчам иштөөгө чакырып, жарандардан жана айдоочулардан пара алууга жол берилбеши керектигин катуу эскерткен. "Пландан тышкаркы текшерүүдөн кийин адамдардын агымын үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында айрым жерлерде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн кызматкерлердин саны тогуз адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды", — деп айтылат маалыматта. Учурда УКМК тарабынан "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда.
Израилдин коргонуу армиясы "Хезболла" уюмуна каршы Ливандын түштүк тарабында чектешкен аймакта туруп кургактан жасаган чабуулдарын баштаганын жарыялады. Бул операция учурунда ЦАХАЛдын аталган бөлүктөгү аскерлерине Израилдин Аба күчтөрү жана артиллериясы колдоо көрсөтүп, аскердик объектилерге сокку уруп жатышат. Бул туурасында РИА Новости жазды. ЦАХАЛ өзүнүн Telegram каналына жарыялаган кабарына таянсак, чабуулдар чалгындын маалыматтарына негизделген жана "Хезболланын" террордук максаттарына, инфраструктурасына каршы багытталган. Бул аракеттер Израилдин саясий жетекчилигинин чечими менен ишке ашырылганы айтылды.