36 россиялык, 15 кыргызстандык техникалык ЖОЖдор концорциумдун алкагында кандай иштерди жасоодо?

Sputnik
Россия менен Кыргызстандын техникалык жаатта билим берген окуу жайлары концорциум түзүп, анын алкагында билим алуудагы алмашуу тажрыйбаларын, кош диплом берүү сыяктуу бир топ долбоорлорду ишке ашырып жатканына 10 жылдан ашуун мезгил болду. Бул аралыкта эки тараптуу алакалар бекемделип, келечекке пландар түзүлүп, илим тармагында да бир топ келишимдерге жетишилди. Быйыл аталган концорциум өзүнүн кезектеги отурумун Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда, И. Раззаков атындагы КМТУнун 70-жылдык юбилейинин алкагында өткөрдү. Техникалык билим берүү тармагы эки өлкө ортосунда кандай өнүүгүдө, келечек пландары кандай, даярдалган адистер келечек чакырыктарына жооп берип жатабы?
Ушул жана башка соболдорубузду “Күн башат” программасынын алкагында КМТУнун ректорунун кеңешчиси Акымбек Абдыкалыковго узаттык.