Садыр Жапаров демөөрчүлүк фондунан 40 жетекчиге материалдык жардам берип турат

Мамлекет жетекчиси мындай кадамга барууга эмне себеп болгонун да түшүндүрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам көрсөтүп турат. Бул тууралуу өлкө башчы "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Интервью өткөн жумада айдоочулук күбөлүк сатты деп кармалган "Унаа" мекемесинин жетекчиси боюнча болгон.
Жапаров президент болуп келгенден тарта айдоочулук күбөлүк сатылбасын деп келгенин, тармакты тартипке салат деп сураштырып жүрүп "Унаага" Рустам Жокоевди койгонун айтты.

"Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да. Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып "сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын" деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин, менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам", — деди президент.

Жапаров эмнеден улам кошумча каражат берип турарын да түшүндүрдү.
"Анткени эмгек акылары чындыгында аз. Өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган "Унаанын" жетекчиси да бар эле", — деди өлкө башчысы.
Жапаров Жокоевдин ишин өзү териштиргенин, натыйжада система түзүлүп, айдоочулук күбөлүк 40 миңден 80 миң сомго чейинки баа менен сатыла баштаганы аныкталганын белгиледи. Анын айтымында, күбөлүктүн 10 пайызы сатылып кетип жаткан.
Садыр Жапаров жалаа жабууга байланыштуу мыйзам долбоору боюнча үн катты