Туристтерди сызга отургузушкан. Көлдө уурулукка шектелип чет элдиктер кармалды

Милиция кармалгандардын бири аял, үчөө эркек киши экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна келген туристтердин акчасын автоунааларынан алып кетип жүргөн деген шек менен коңшу өлкөдөн келген уурулар тобу кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Ысык-Көл облусуна келген туристтердин акчасын автоунааларынан алып кетип жүргөн деген шек менен коңшу өлкөдөн келген уурулар тобу кармалды

2 / 3

Кармалган шектүүлөр буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон жарандар, "гастролдоп" уурулукту кесип туткан кылган кылмыштуу топ экени аныкталды

3 / 3

Балыкчылык тартип сакчыларга буга чейин 18-25-сентябрь аралыгында Каньон деп аталган жерде туристтердин автоунааларынан акча уурдалганын айтып, кайрылышкан

"Кармалган шектүүлөр буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон жарандар, "гастролдоп" уурулукту кесип туткан кылмыштуу топ экени аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

Балыкчылык тартип сакчыларга буга чейин 18-25-сентябрь аралыгында Каньон деп аталган жерде туристтердин автоунааларынан акча уурдалганын айтып, кайрылышкан. Биринчи жабырлануучу 124 миң сомдук, экинчи киши 145 800 жана үчүнчү жабырлануучу 300 миң сомдук материалдык зыян тарткан.
39, 49, 60 жана 46 жаштагы шектүү катары үч киши жана бир аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тинтүү учурунда эки рация, мобилдик беш телефон, дүрбү, ар кандай автомашиналардын беш ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар табылган. Андан сырткары, АКШ, Европа, казак, Индия, Швейцариянын акчалары чыккан.
ИИМден учурда тергөө улантылып, кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатканын билдиришти.
Бишкекте 15 миң доллары бар сумка уурдалды. Шектелип үй-жайсыз киши кармалды