Облустардагы мектептер "Евразия" уюмунан дагы 50 автобус алышты. Видео

Россиянын "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюму дагы 50 автобусту бүгүн Кыргызстанга тапшырды.
Sputnik
Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов катышты.
Россия тараптан Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов, Мамлекеттик Думанын депутаты, "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюмунун төрайымы Алена Аршинова келди.
Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына бул программанын, Евразия лицейинин базасында 100 мектеп автобусун тапшыруу милдети коюлгандыгын айтты.

"Мындан ары автобустарды берген мектептерге жардам көрсөтүүнү пландап жатабыз. Бул — мугалимдердин стажировка боюнча кампаниялары, китепканаларды ар кыл китептер, материалдар, жомоктор менен толуктоо. Милдетибиз — бул мектептерди STEАM-лабораториялар менен жабдуу. Предметтерди орус тилинде окутуу үчүн жаш педагогдордун отрядын жиберүү", — деди Аршинова.

Аталган уюм Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын жалпы салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү боюнча иш алып барып келет. Буга чейин аталган уюм ушундай эле автобустан 50нү тапшырган.