Ереванда III Евразия экономикалык форуму башталды

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ереванда (Армения) III Евразия экономикалык форуму башталды.
Иш-чаранын 2024-жылдагы негизги темасы – "ЕАЭБге 10 жыл: келечеги жана артыкчылыктары".
ЕЭФ-2024түн катышуучулары ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү, ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулашат.
Форумдун бизнес бөлүгүндөгү сессиялардын темалары евразиялык "бештиктин" күн тартибинде биргелешкен көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелердин чечимдерин табууга багытталган.
Форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына туш келди. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрү, бизнес-лидерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Быйыл Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылууда.
Евразиялык жаңы биржанын кимге кандай пайда алып келери айтылды