ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЭЭАлары үчүн санарип платформа түзүү сунушталды

Жаңы платформа түзүү биримдиктин мамлекеттеринин өнөр жай потенциалын жогорулатарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ереванда өтүп жаткан III Евразиялык экономикалык форумда Беларусь ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Эркин экономикалык аймактары (ЭЭА) үчүн санарип платформа түзүүнү сунуштады.
"Гродноинвест" (Беларусь) ЭЭАсынын администрация башчысы Дмитрий Рожков бул платформа эмне үчүн керектигин айтты.
"Бул — ЕАЭБге кирген мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү демилге. Ишканалар ортосундагы кооперация дагы абдан маанилүү. Беларуста бул мыйзам чегинде колдоого алынат, анткени ЭЭАнын резидент ишканалары бири-бирине продукция жөнөткөндө жеткирүү жеңил болот. ЕАЭБдеги ишканалар ортосундагы товар ташууда да бул сунуш колдоого алынат, анткени "бештиктин" алкагында импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган долбоорлорду өнүктүрүү маанилүү", — деди Рожков.
Анын айтымында, платформаны түзүү ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай потенциалын жогорулатат.
"Ар бир ЭЭАнын артында биздин ИДПга жалпы салымын кошкон анын резиденттери бар. Андыктан көлөм боюнча көрсөткүчтөрдүн арбышы биздин аймактардагы сандарга да өзүнүн таасирин тийгизет", — деп сөзүн жыйынтыктады Рожков.
Ереванда (Армения) III Евразия экономикалык форуму башталды.
Анын быйылкы негизги темасы – "ЕАЭБге 10 жыл: келечеги жана артыкчылыктары" деп аталды.
Форумдун бизнес бөлүгүндөгү сессиялардын темалары евразиялык "бештиктин" күн тартибинде биргелешкен көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелердин чечимдерин табууга багытталган.
Ереванда III Евразия экономикалык форуму башталды