ЕАЭБ кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн субсидияларды көбөйтөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. ЕАЭБ 2025-жылы кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн субсидияларды көбөйтөт. Бул тууралуу Ереванда өтүп жаткан III Евразиялык экономикалык форумда ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү (министр) Гоар Баргесян билдирди.
“Кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биримдиктин бюджетинен субсидиялоого мүмкүнчүлүк алдык”, — деген ал.
Баргесяндын айтымында, бул ишке быйыл бюджеттен 1,8 миллиард рубль, кийинки жылы 3,4 миллиард рубль каралган.
Долбоор азырынча пилоттук болуп саналат, аны биримдиктин кеминде үч өлкөсүнүн компанияларынын катышуусунда беш жылда ишке ашыруу пландалган. Долбоордун максаты — жумушчу орундарды түзүү.
“Жакынкы арада ЕЭКтин кеңешине биринчи долбоорлорду киргизебиз. Бул ишкерлердин аталган механизмге катышуусун тездетүү үчүн жакшы үлгү болот”, — деп белгиледи министр.
Ал ишкерлерди Евразиялык экономикалык комиссия менен иштешүүгө чакырган.
Эске салсак, учурда Ереванда (Армения) III Евразия экономикалык форуму өтүүдө.
Анын быйылкы негизги темасы – "ЕАЭБге 10 жыл: келечеги жана артыкчылыктары" деп аталды.
Форумдун бизнес бөлүгүндөгү сессиялардын темалары евразиялык "бештиктин" күн тартибинде биргелешкен көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелердин чечимдерин табууга багытталган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЭЭАлары үчүн санарип платформа түзүү сунушталды