Тоң райсотунун төрайымы пара талап кылды деген шек менен кармалды. Сүрөт

Шектүү соттун чечими менен 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы мындан эки күн мурда 3000 доллар пара талап кылууга шектелип кармалган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы мындан эки күн мурда 3000 доллар пара талап кылууга шектелип кармалган

2 / 3

Атайын кызмат Фемида өкүлүн опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармаган

3 / 3

Тинтүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынан (А.Г.Н.) 2500 доллар өлчөмүндөгү акча, калган 500 доллар ортомчудан алынды

Атайын кызмат Фемида өкүлүн опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармаган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья кеп болуп жаткан акчаны өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалды. Тинтүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынан (А.Г.Н.) 2500 доллар өлчөмүндөгү акча, калган 500 доллар ортомчудан алынды", — деп айтылган УКМКнын маалыматында.
Ал эми 28-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде төрайым-сотко айыпталуучу катары Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 17-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Чүй облустук сотунун эки судьясы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды