Ташиев Жалал-Абадга курулчу аэропорт Ферганадагы эң ири аба майданы болорун айтты

Аэропорт 360 гектар жерге курулуп, учуп-конуу тилкеси төрт чакырымды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жаз айлары менен Жалал-Абаддын Сузак районунда аэропорттун курулушу башталып, ал жалпы Фергана өрөөнүндөгү эң ири аба майданы болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп жатып билдирди.
Ал кечээ россиялык жана түркиялык инвесторлор менен чогуу аймакка барган. Аэропорт 360 гектар жерге курулуп, учуп-конуу тилкеси төрт чакырымды түзөт.
"Аэропорттон Ысык-Көлгө чейин Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу менен төрт саатта жетсе болот. Бул жер өлкөнү түштүк аймактарын эле эмес, Нарын, Ысык-Көл региондорун да тейлейт. Инвестициянын көлөмү 400 миллион доллардан ашты. Жакынкы күндөрү өкмөт менен инвесторлордун ортосундагы келишимге кол коюлат. Анын негизинде долбоор жасалып, курулуш иштер жазында башталат. Аэропортту эки жылда куруп бүтүү пландалган", — деди Ташиев.
Баса, Нарындагы аэропорт да капиталдык ремонттон өтүп, жакында ишке берилери айтылган.
Жаңы сатып алынган учак сыналып, Таласка учту