Садыр Жапаров: айдоочулук күбөлүк сатууну кан буугандай токтотуу керек!

Өлкө башчы эми "Унаа" мекемесине жаңы жетекчи дайындаларын белгилеп, жаза басса ал дагы камаларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз. Айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек, ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Өлкө башчы өткөн жумада кармалган "Унаа" мекемесинин жетекчиси боюнча интервью берип, айдоочулук күбөлүктүн сатылышы боюнча маселеге токтолгон.
"Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган, бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек", — деди мамлекет жетекчиси.
Жапаров азыр мындай терс көрүнүш токтобосо 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып машина айдап жүргөндөрдөн тазалануу кыйын болорун белгиледи.
"Бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы? Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Жаттап, баарын билип алсаңар өзүңөргө жакшы эмеспи", — деди президент.
Өлкө башчы эми "Унаа" мекемесине жаңы жетекчи дайындаларын белгилеп, жаза басса ал дагы камаларын айтты.

"Унаага" жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам. Ал дагы пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, анда камалат. Биз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек. Таза мамлекетти куруп кетишибиз керек. Ушул жерден унаанын кызматкерлерине бир суроом бар да. Силер, күбөлүк сатып жаткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы? Албетте, жок. Ошондуктан бир күндүк тыйынга кызыкпай келечектеги урпактарыңарды да ойлой жүргүлө", — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Садыр Жапаров демөөрчүлүк фондунан 40 жетекчиге материалдык жардам берип турат