Пентагон Ирандын болуп кетүүчү чабуулуна карата аскердик даярдыгын арттырды

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ Иран жана анын союздаштарынын америкалык кызматкерлерге жана аймактагы кызыкчылыкка карата болуп кетүүчү чабуулуна ыкчам жооп берүү үчүн кошумча аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөттү. Бул туурасында Пентагондун сайтында кабарлангандыгын РИА Новости жазды.
Буга чейин "Хезболла" кыймылы өздөрүнүн башкы катчысы Хасан Насрулла Израилдин Бейруттун түштүк тарабындагы аймакка абадан жасалган чабуулунан каза тапкандыгын тастыктаган эле.

"Коргоо министри Ллойд Остин АКШдагы кошумча күчтөрдү тез арада аракетке келүүгө, күтүлбөгөн жерден болуп кетүүчү кырдаалдарга даяр турууга тапшырма берди. Министрлик бүтүндөй Жакынкы Чыгыш боюнча абадагы кол салуудан коргонуу үчүн ишенимдүү, комплекстүү кадамдарды колдойт", — деп айтышкан ведомстводон.

Ливан-Израиль чатагынын курчушу
"Хезболланын" башкы катчысы Хасан Насрулла 2024-жылдын 27-сентябрында Бейруттун түштүк четиндеги Израилдин абадан жасалган чабуулунан каза тапкан. Ал киши 30 жылдан ашуун аталган уюмду жетектеп келген. Бул операция "Хезболланын" жогорку командирлери чогулган жерине багытталган.
Израиль армиясы кыймылдын миңдеген объектилерине сокку урганын кабарлады. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери "Хезболла" кыймылына мынчалык катуу чабуул жасалбаганын белгилешүүдө.
Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлиги Насрулланын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилди ок атууну токтотууга чакырды.
Израиль Палестина менен Ливанга карата чабуулун күчөттү