БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош облустук сотунун судьясы өз жанын кыюуга аракет кылганын укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Ага ылайык, Фемиданын өкүлү реанимацияда жатат. Өз жанын кыюуга аракет кылуу фактысы милицияга каттоого алынды.
Бейтап медициналык мекемеге бүгүн эртең менен түшкөнүн Ош облустук ооруканасынан кабарлашты.
"Ага операция жасалды. Билегинен жараат алып, геморрагиялык шок абалында", — деп билдиришти ооруканадан.