Кыргызстанда "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" жаңы программасы ишке кирет

Долбоордун негизги максаты – Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын жалпы салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" аттуу жаңы программа ачылып жатканын Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, долбоор октябрь айында ишке киргизиле баштайт. Анын алкагында Кыргызстанга Евразиянын 10 өлкөсүнүн өкүлдөрү келет.
"Көпчүлүк "Евразия менен тааныш" долбоорунун аянтчасы Россияда гана болот деп ойлошкон. Бирок андай эмес. Биз РФтен тажрыйба топтоп келип, эми "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" долбоорун ишке киргизүүгө даярбыз. Евразия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга келип туристтик жайларды гана кыдырып тим болбостон, кыргыз жаштары менен интернетсиз, прессасыз баарлашат", — деди Аршинова.
Ал долбоордун негизги максаты Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын жалпы салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү экенин белгиледи. Долбоордо маданият менен тарых, үрп-адаттар жана салттар камтылат.
"Биз "Россия менен тааныш", "Евразиянын лидерлери", "Достуктун элчилери", "Евразиялык мүмкүнчүлүктөр континенти", "Балалыктын аймагы" сыяктуу флагмандык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз жана Кыргызстан аларга активдүү катышууда. "Россия менен тааныш" долбооруна 10 өлкөдөн 3,5 миңге жакын адам катышты. Кыргызстандан 500гө жакын адам барган. Биз үчүн ортомчуларсыз дос болуу маанилүү", — деди Аршинова.
Кыргызстандык дарыгерлер катышкан "Дени сак Евразия" форуму кандай өттү