Билим берүү министрлиги жаш окумуштуулардын арасында сынак жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жаш окумуштуулардын арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Максаты жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, илимди жана инновацияларды жайылтуу болуп саналары белгиленди.
Сынакка илимий даражасы бар экендигине карабастан 35 жашка чейинки изилдөөчүлөр, окумуштуулар катыша алат.
Сынак үч номинацияда өткөрүлмөкчү:
"Жылдын эң мыкты илимий макаласы";
"Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору;
"Жылдын мыкты жаш окумуштуусу".
Сынакка тапшырыктар кыргыз, орус жана англис тилдеринде 30-октябрга чейин кабыл алынат.
Кытайда такшалуу үчүн окумуштууларга сынак жарыяланды. Шарт-талабы