Радио

Тоялиев: контрафактылык китептерге министрлик жалгыз чара көрө албайт

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Самат Тоялиев окуу китептеринин жетишпеген себебин айтты.
Sputnik
Окуу китеби мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга, окуу программасына жана базистик окуу планына негизделип жасалат. Өз убагында жаңыланып турса китептин азыркыдай тартыштыгы жаралмак эмес. Бул тууралуу Самат Тоялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, контрафактылык китептер үчүн министрлик бир катар мамлекеттик органдарга кайрылган.
"Буга чейин беш жылда бир жолу мамлекеттик билим берүү стандарты өзгөрүп, өкмөттүн токтому менен бекичү. Ага ылайык, окуу программалары жана предметтик стандарттар да жаңыланчу. Китеп мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга, окуу программасына жана базистик окуу планына негизделип жасалат. Китеп да өз убагында жаңыланып турса тартыштык болмок эмес. Бул жаатта да толгон-токой маселе бар. Азыр базарда сатылып жаткан китептерди бир нече типке бөлсө болот. Биринчиси — контрафактылык товарлар, экинчиси — министрликтин уруксатын алган мыйзамдуу китептер. Алардын арасында азыркы кезде актуалдуу болуп саналган предметтик стандарттарга, программага толук жооп берген окуу китептери да бар. Ошол эле учурда жарым-жартылай гана дал келген китептерди да басып чыгарып, сатып жаткан көрүнүштөр жок эмес. Ушул себептерден улам соода түйүндөрүндө сатылган китептердин көбүн контрафактылык продукция деп жатабыз. Окуу китептеринин биринчи же экинчи барагында "окуу китеби" деген логотип турат. Булар мамлекеттик каражаттын эсебинен басылып чыгып, мектептерге ижарага берилген китептер. Бул да министрликтин, мамлекеттик мекемелердин дарегине сын айтууга негиз болууда. Мындай китептер уруксатсыз сатылбашы керек. Бул жерде ачык эле көмүскө китеп бизнеси жүрүп жатат. Ал китептердин мүлктүк укугу министрликке таандык болгондуктан биз жабырлануучу тараппыз. Муну көзөмөлдөөчү тиешелүү органдар бар. Министрликтин деле колу кыска. Анткени тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү гана сурана алат. Интеллектуалдык менчикти жана автордук укуктарды коргоочу "Кыргызпатент" ишканасына окуу жылы башталганга чейин да кайрылганбыз. Алар конкреттүү объектини атоону сурашууда. Ошол эле учурда китептерге жана кеңсе товарларынын базардагы баасына да нааразычылыктар бар. Булар да көзөмөлдөнбөйт. Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Антимонополия кызматына кайрылсак, "мыйзамда мындай болушу керек, андай болушу керек" деген талаптарды жазып гана жооп узатып тим болушат. Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги же "Учкун" басмаканасы гана эмес, башка компетенттүү мамлекеттик органдар да мыйзам чегинде бирдиктүү иш алып барышы керек. Контрафактылык китептердин, кеңсе куралдарынын баалары боюнча тийиштүү органдарга кат жүзүндө да, оозеки да бир нече ирет кайрылганбыз", — деди ал.
Ал окуу китебинин авторлорунун кол жазмасын текшерүүчү министрликтин эксперттик тобунун курамы жана алардын жоопкерчилиги кайрадан караларын кошумчалады.