Радио

Абазбек уулу: кесиптик окуу жайларга Face ID көзөмөл системасы кирди

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу саамалык Бишкек шаарындагы 16 кесиптик лицейдин 14үнө киргизилгенин айтты.
Sputnik
Кесиптик окуу жайларда билим алгандар сабакка кандай катышканын, тамак-аш, стипендия кандай берилип жатканына көзөмөлдү күчөтүү үчүн заманбап көзөмөл системасы киргизилип жатат. Бул тууралуу Расул Абазбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган системаны бир окуу жайга орнотуунун баасы азыр 70-80 миң сом болуп жатат.
"Кесиптик лицейлерге Face ID көзөмөл жана башкаруу системасы орнотулуп жатат. Бул иш жазында башталган, азыр Бишкек шаарындагы 16 кесиптик лицейдин 14үнө коюлду. Экинчи этапта Чүй облусундагы окуу жайларга орнотулат. Андан кийин акырындан аймактарга өтөбүз. Лицейлер бул системаны башында 166 миң сомдун тегерегинде сатып алып жаткан. Азыр Кытайда даярдалган Face ID системасы темир-тезеги менен 70-80 миң сом болуп жатат. Негизги максаты — студенттердин келип-кетүүсүн, тамак-аш, стипендия алуусун жана алардын ачык-айкын болуусун көзөмөлдөө", — деди Абасбек уулу.
Ошондой эле ал аталган көзөмөл системасын келечекте башка дагы программалар менен бириктирүү пландалып жатканын кошумчалады.