Эми камсыздандыруу полисин "Кыргыз почтасынын" филиалдарынан төлөөгө болот

Мындай чечим элдин камсыздандыруу полистерин төлөөсүн бир кыйла ыңгайлуу кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Камсыздандыруу полистерин (ОСАГО жана турак жайды камсыздандыруу) "Кыргыз почтасы" ААКнын каалаган филиалында төлөөгө болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган меморандумга кол коюшкан.
"Мындай чечим элдин камсыздандыруу полистерин төлөөсүн бир кыйла ыңгайлуу кылат, алар үчүн төлөм пунктулары жеткиликтүү да болот", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик меморандумда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү каралганын дагы кошумчалады.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.
Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт