Песков: Израилдин Ливандагы үйлөрдү бомбалоосу гуманитардык кыйроого кептейт

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Израилдин Ливанды бомбалоосу сөзсүз гуманитардык кыйроого алып келет жана бул нерсе Москваны тынчсыздандырууда деди Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
"Ливандагы калктуу конуштарды бомбалоо көп сандаган курмандыктарга алып келет. Бул Газадагыдай эле гуманитардык кыйроого учуратып, терең тынчсызданууну жаратууда", ؅— деди ал журналисттерге.
Өткөн аптадан бери Израилдин Аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарында шииттик "Хезболла" кыймылынын буталарына массалык сокку урууда. Бейрутта да бир нече аба соккулары жасалып, натыйжада "Хезболланын" жогорку даражалуу командирлери, ошондой эле кыймылдын баш катчысы Хасан Насрулла өлтүрүлгөн.
ТИМ Израиль менен Ливанда канча кыргызстандык бар экенин айтты