Вебкам-студия иштеткен Даниэл Ажиев 9 жылга кесилди

Соттолуучу эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиев тогуз жылга эркинген ажыратылды. Бул туурасында Биринчи май райондук соту билдирди.
Мындан эки ай мурда, тагыраагы, 24-июлда анын абактагы мөөнөтү эки айга узартылган эле.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды:
160-берене (1-бөл.) — "Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу";
161-берене — "Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу";
261-берене (1-бөл.) — "Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө";
215-берене (3-бөл.) — "Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, ири мүлктүк зыян келтирүү".
Мындан сырткары, Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды. Ошондой эле 220 миң сом айып төлөшү керек.
Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студиялардын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, анын жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Ажиев Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.
Бишкекте сойкулук кылган деп 50дөн ашык кыз-келин милицияга жеткирилди. Видео