Психолог балага артыкча кам көрө берүүнүн терс жактарын айтты

Адис чоңдор балага ишенип, өз алдынча аткара турган иштерди дайындашы керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ата-эненин баласын артыкча бөпөлөп коргой берүүсүнүн терс жактары бар. Бул тууралуу психолог Сергей Ланг Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Адис көбүнчө чоңдор кандай учурда балдарды чектен ашып камкордукка аларын түшүндүргөн.
"Мындай көрүнүш көбүнчө ажырашкан же баланын атасы менен такыр мамилеси үзүлгөн аялдарда кездешет. Алар бардык сүйүү, камкордугун баласына берип, жашоосунун баарын ага арнап коёт. Ошол эле учурда өзүнүн чочулоосун, тынчсызданууларын кошо балага берет. Мисалы, "аны менен достошпо, ишенчиликсиз болушу мүмкүн", "ал жакка барба, балким сага жамандык жасашат" жана башка ушул өңдүү санааркоолорун көп айтып, тыйышат. Мындан улам бала психологиялык жараат алышы мүмкүн. Көп жыл күтүп наристелүү болгондордун айрымдарында да ушундай абал учурайт. Жашоо шарты мыкты үй-бүлөлөрдө да бул көйгөй көп, алар баласы 18 жашка толору менен кымбат баалуу унаа, батир, айтор, керектүүнүн баарын алып беришет. Бала мындайда жашоого умтулуусун жоготот, андан ары кандай аракет көрүүнү да билбей калат", — деди адис.
Психологдун айтымында, артыкча калкалоо, камкордукта өскөн бала кийин өз алдынча чечим чыгарганды билбей калат. Үйдөн тышкаркы бардык жерлерде адамдарды душман сезип, элге аралашуусу кыйын болот. Гиперкалкалоону токтотуу үчүн ата-эне балага ишенгенди үйрөнүшү керек.
"Мындай ата-энелер баласынын өз алдынча болушуна ишене башташы керек. Ага "сен эми чоң адамсың, мына сага акча, дүкөндөн керектүүнү алып кел" деген позициядан мамиле жасаган туура. Адегенде балага майдараак тапшырмаларды берип, бара-бара татаалдаштырса болот", — деген сунушун айткан Ланг.
Бала мектептен ыдык көрүп жатканын кантип билсе болот? Психологдун кеңеши