Аскар Акаев: жаманатты болбой өзүмүн мурдагы атымды кайтарсамбы дейм

Мурдагы мамлекет башчы аны макамынан эч ким мыйзамдуу ажыратпаганын белгилеп, эл арасында жаралган ойду жок кылууга аракет кылганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент статусу боюнча кайрылуусун "өмүр аяктап баратканда жаманатты болбой өзүмүн мурдагы атымды кайтарсамбы дейм" деп түшүндүрдү.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруудан баш тарткан.
Кыргызстандын тун президенти аны макамынан эч ким мыйзамдуу ажыратпаганын белгилеп, эл арасында жаралган ойду жок кылууга аракет кылганын билдирди.
Акаевдин "Накта" подкастына берген маегинин урунттуу учурлары:
2005-жылы Курманбек Бакиев башында туруп, Данияр Үсөнов, Азимбек Бекназаров турган өкмөттүк комиссия түзгөн. Ал бир жыл иштеп, менин бир да байлыгымы тапкан эмес. Эл аралык "сыщикти", ФБРди кошсо да бир тыйын табылган эмес;
2008-жылы Бакиев парламентке "Акаевди экс-президент макамынын ажыратыш керек" деген сунуш киргизген. Бийлик парламентке басым кылганына карабастан депутаттар "Үсөнов, Бекназаровдун комиссиясынын корутундусун көрүп, негиз тапкан жокпуз. Чет өлкөлүк банктарда бир дагы центи жок экен" дешкен;
депутаттар каршы болуп, Бакиев мени макамдан ажырата алган эмес;
2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Отунбаева менен Бекназаров кайрадан бул суроону көтөргөн. Бирок алар мыйзамсыз декреттин негизинде Акаевди макамынан ажыратабыз деп чечим чыгарышат. Күнөөлөгөнү баягы эле мыйзамсыз баюу, Аксы окуялары, Кытай, Казакстан менен чек ара маселелери;
Декрет Конституция менен мыйзамдарга каршы келет. Казус болуп, коомчулукта Акаевди экс-президент макамынан ажыраткан деген ой пайда болгон. Мен мурда кайрылбаганымын себеби — Кыргызстанды үч саясий авантюрист: Бакиев, Отунбаева жана Атамбаев башкарып келген. Алардын убагында кайрылганым менен маселе терс чечилмек;
Жашым да 80ге келди, дагы канча жашайм, бир кудай билет. Ошондуктан ушул маселени учурдагы адилеттүү бийлик карап чыгабы дедим. Эч кандай материалдык кызыкчылыгым жок, артыкчылыктардын кереги жок. Мен өмүр аяктап баратканда жаманатты болбой, өзүмүн мурдагы атымды кайтарсамбы дейм.
Садыр Жапаров Аскар Акаевдин кетирген кемчиликтерин санады