83 жыл илгери дал ушул күнү Москва үчүн салгылашуу башталган. Видео

Гитлердик күчтөр "Тайфун" операциясы менен койгон максатына жеткен эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1941-жылы 30-сентябрда тарыхта калган окуя — Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москва үчүн салгылашуу башталган.
Sputnik Ближнее зарубежье бул тарыхый видеону жарыялады.
Немецтердин Москваны басып алуу аракеттери СССР үчүн чечүүчү учур болгон.
Согуштун башталышы, сентябрдын аягына карата немецтердин аскердик күчү совет армиясына караганда кыйла артыкчылыкка ээ болгон. Аларда 2 миллион аскер болсо, советтик аскерлерде 1,2 миллион эле. Аскердик техника боюнча да душмандар үстөмдүк кылган.
Немецтер үчүн биринчи жана эң маанилүү ката Тула шаарын басып алууга жасалган аракеттер болгон. Баатыр шаар чабуулдун мизин эки ирет ийгиликтүү кайтарып, Москва үчүн коргонуунун жүрүшүндө каршылаштардын түштүк флангын коркунучта кармап турган. Бул немецтерге Москваны акыркы ирет басып алуу үчүн күчтөрүн топтоого тоскоол болду.
Экинчи катачылык – фашисттер Москванын фронтко жакындашы менен шаар дүрбөлөңгө түшөт жана башаламандык болот деп ишенишкен. Бирок Москва толук даярдыкта болуп, коргонууга камдуу турган.
Жыйынтыгында фашисттер Москвадан 25 чакырым аралыкта токтотулган. 5-декабрда Кызыл Армия контрчабуул баштап, ал эми 8-декабрда Берлинден немец армиясына фронттун бардык аймагында коргонууга өтүү буйругу берилет.
Ошентип, гитлердик күчтөрдүн "Тайфун" операциясы ийгиликсиз болуп калган.
Эсте калган 22-июль, Москванын асманы. Тарыхый видео